Детально
Социалдык Ишкерлик Мектеби 2019 Жалал-Абад

«Демилгелүү жаштар» долбоорунун алкагында Социалдык Ишкерлер Ассоциациясы 18 жаштан 28 жашка чейинки Джалал-Абад облустундагы жаштар арасында  “Социалдык ишкерлик мектеби 2019”  долбооруна катышуу үчүн сынакты жарыялайт.  

[ Социалдык ишкерлик мектеби - бул жаштардын ишкердик потенциалын жана коомдогу социалдык көйгөйлөрдү чечүү боюнча инновациалык проекттерди колдоо боюнча уникалдуу окуутуу платформасы] 

Социалдык ишкерлик мектебине катышуу үчүн,  коомдогу көйгөйлөрдү киреше алып келген социалдык ишкана менен чечүү боюнча идеясы бар, жана активдүү, демилгелүү жаш  лидерлер чакырылат.  Талапкерлер Жалал-Абад шаарынан, Сузак жана Базар-Коргон райондорунан болушуу керек. 

Бул социалдык ишкерлик программасы теоретикалык жана практикалык социалдык ишкерлик жөнүндө, бизнес пландаштыруу, организациялык жана финансылык пландарды түзүү, инвестициялык анализ жүргүзүү жөнүндө маалыматтарды жана  ийгиликтүү ишканаларга бизнес-турлар уюштурулуп, бизнесмендер жана потенциалдуу инвесторлор менен мотивациялык жолугушуларды камтыйт.

Социалдык ишкерлик мектептин аяктоосу менен катышуучулар өздөрүнүн социалдык ишкана боюнча бизнес-пландарын жакташат. Эң мыкты долбоорлор (проекттер) старт-ап гранттын колдоосуна ээ болот.

Катышуучуларды тандап алуу II тур менен өтөт:

1.        Арыздын негизинде ( 3-декабрь, 2019 ж. чейин)

2.        Интервьюнун негизинде (17-декабрь , 2019 ж. чейин.)

Тандоо критерийлери:

•          Курак жаш: 18 - 28 жашка чейинкилер;

•          Бизнес/социалдык проекттерди ишке ашыруу тажырыйбасы бар (созсуз эмес);

•          Коомдогу көйгөйду чечүү же аны азайтуу боюнча социалдык ишкана ачуу конкреттүү идеясы бар;

•          Социалдык ишкердикти окуу боюнча мотивациясы , жоопкерчилик жана лидерлик сапаттары бар жаштар;

•          Жаны инициатива жана маалыматка ачык болуу;

•          100% баардык иш-чараларга катышуу;

•          СИМ аяктоо менен социалдык ишкердик боюнча бизнес долбоорун ишке ашыруу.

* Мектепке катышуу бекер.  

Социалдык ишкердик мектебинин этаптары:

I окутуу айлампасы  14-19 январь, 2019 ж. 

II. Өз алдынча старт-ап идея менен иштоо 21- 27 январь 2019 ж.

III. II окутуу айлампасы   28-январьдан 1-ферваль 2019ж. чейин

IV. Эн мыкты старт-ап проекттерди тандоо жана грант турундо финансылык колдоо Апрель 2019 ж.

 

[ Кийинки шилтемелер боюнча социалдык ишкерлер мектеби мурунку жылдары кантип өткөнүн көрө аласыздар: https://www.youtube.com/watch?v=i_ARqpp4ExI , https://www.youtube.com/watch?v=wWzGXJaqNCM

 

Социалдык ишкерлер мектебине катышуу үчүн заявканы 2018 жылдын 3 ДЕКАБРЬ 00:00 ЧЕЙИН толтуруу керек.

Арыздын онлайн-формасы:

https://goo.gl/forms/Re6hzJ2c9mEOa3a03

*Арыздын негизинде ийгиликтүү өткөн талапкерлер гана жеке интервьюга  чакырылат.

 

Эгер сиздин кошумча суроонуз пайда болсо, биз менен төмөндөгү электрондук дарек же телефон аркылуу байланышсаныз болот: ase.abakirova@gmail.com +996 550 425 293 whatsapp +996 701 350 555 

___________________________________________________________________________________________________________________

USAID тарабынан каржыланган «Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандын жаштарынын экономикалык ишмердүүлүгүн жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатын аркалайт. Долбоор MSDSPKG (Кыргызстандын Тоолуу Аймактарындагы Жамааттардын Өнүгүүсүн Колдоо Программасы), Борбор Азия университети, Социалдык ишкерлер ассоциациясы жана IDEA CA (Борбордук Азиядагы Эл Аралык Дебат билим берүү Ассоциация) тарабынан аткарылат.

Ноябрь 6, 2018 |
Айгерим Абакирова