Детально
Социалдык ишкерлер мектеби 2018 Нарын шаарында!

 

                                   Социалдык ишкерлер мектеби 2018 Нарын шаарында!

 

Социалдык ишкерлер ассоциациясы (СИА) Кыргызстандын Тоолуу Аймактарындагы Жамааттардын Өнүгүүсүн Колдоо Программасы (MSDSP KG) менен биргеликте 18 жаштан 28 жашка чейинки Нарын облустундагы жаштар арасында  «Социалдык ишкерлик мектеби 2018» (СИМ)  долбооруна тандоо сынагын жарыялайт.

Социалдык ишкерлик мектебине катышуу үчүн коомдогу көйгөйлөрдү киреше алып келген социалдык ишкана менен чечүү боюнча идеясы бар жана активдүү, демилгелүү жаш лидерлер чакырылат. Талапкерлер Нарын областынан  катышса болот.

            Тандоо талаптары:

•         Курак жаш: 18 - 28 жашка чейинкилер;

•         Бизнес/социалдык долборлорду ишке ашыруу тажырыйбасы бар (сөзсүз эмес);

•         Коомдогу көйгөйду чечүү же аны азайтуу боюнча социалдык ишкана ачуу конкреттүү идеясы бар (сөзсүз эмес);

•         Социалдык ишкердикти окуу боюнча мотивациясы, жоопкерчилик жана лидерлик сапаттары бар жаштар;

•         Жаны демилге жана маалыматка даяр болуу;

•         Баардык иш-чараларга 100%  катышуу;

•       СИМ аяктагандан кийин социалдык ишкердик боюнча бизнес долбоорун ишке ашыруу абзел.

 

* Мектепке катышуу акысыз

* Окуу Нарын шаарында өтөт

Социалдык ишкерлер мектебине катышуу үчүн арызды 2018 жылдын 28 февралга 00:00 ЧЕЙИН толтуруу абзел.

Электрондук түрдо толтуруш үчүн биздин почтага кайрылсаңыздар болот: ase.erkebekova@gmail.com

 

Онлайн түрүндө арызды толтуруш үчүн төмөндөгу шилтеме менен өтүңүздөр:

https://goo.gl/forms/UZcviHnwqVzZbS772

 

Арызды кагаз түрүндө алып жана тапшырыш үчүн төмөндөгү даректерге кайрылыңыздар:

  1. Нарын шаары, “Жаштар Ордосу”, Ленин көчөсү, 76-уй. (Алтынай Ибраимбекова - 0704307070)
  2. Кочкор району, Нарын Облустук Жаштар Иштери Бүтүн Дене-Тарбия жана Спорт башкармалыгы. Орозбаков көчөсү 43. (Бектур- 0701 404730)
  3. Ат-Башы райондук администрациясы (Жумакунова Гүлдөсүн - 0777 066018)
  4. Ак-Таала райондук администрациясы  (Рустөм- 0772 937002)

 *Арыздын негизинде ийгиликтүү өткөн талапкерлер гана жеке интервьюга  чакырылат. 

Эгер сиздин кошумча суроонуз болсо, биз менен төмөндөгү электрондук дарек же телефон аркылуу байланышсаныз болот:

 ase.erkebekova@gmail.com

+996 774 444 033 , whatsapp +996 700 151 996

 

 

USAID тарабынан каржыланган «Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандын жаштарынын экономикалык ишмердүүлүгүн жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатын аркалайт. Долбоор MSDSPKG (Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын Өнүгүүсүн Колдоо Программасы), Борбор Азия университети, Социалдык ишкерлер ассоциациясы жана IDEA (Борбордук Азиядагы Эл Аралык Дебат билим берүү Ассоциация) тарабынан аткарылат.

Февраль 15, 2018 |
Бегайым Маматова